ЕБнин башын ооруткан баш калкалоочу маселеси...

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммити өтүп жатат.

758325
ЕБнин башын ооруткан баш калкалоочу маселеси...

Нидерландиянын премьер-министри Марк Рютте, баш калкалоочу келишими тууралуу маселенин Түркиядан эмес, Грециядан келип чыгып жатканын айтты.

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммити өтүп жатат.

Саммитте сөз сүйлөгөн Нидерландиянын премьер-министри Марк Рютте, Түркиянын баш калкалоочу келишиминде убадасын аткарганына көңүл бурду.

Рютте, баш калкалоочулар тууралуу маселенин Грециядан келип чыгып жатканын айтты.

Саммитте ЕБнин биргелешкен коргонуу саясаттары жана терроризм менен күрөшүү темалары да каралууда.

Лидерлер террор менен күрөшүүнүн алкагында социалдык медиа фирмаларын интернетте террорист материалдарынын жайылтылышына бөгөт коюш үчүн эмне керек болсо аткарууга чакырышты.

Ушул алкакта чет элдик согушкерлер темасындагы аракеттерди арттыруу чечимин чыгаргандарын айткан ЕБ Кеңешинин төрагасы Дональд Туск: «Элибизди коргоого чечкиндүүбүз»,-деди.

Туск, Англиянын премьер-министри Тереза Мэйдин Brexit тууралуу өлкөсүнүн сунушун сунуштай турганын шилтеме кылды.

 ЕБ Комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер болсо, саммитте коргоо маселелерине басымдуу токтолгондорун белгиледи.

Юнкер: «ЕБнин ичинде коргонуу маселеси уктаган канзаада сыяктуу эле. Канзаада эми ойгоно баштады»,-деп айтты.

28 ЕБне мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин да коргонуу тармагында сунушталган сунуштарды кабыл алганын белгилеген Юнкер, ЕБне мүчө өлкөлөрдүн жалпысынын АКШнын жарымындай коргонуу каржылоосу болгонун, бирок өлкөлөрдүн арасында айырмачылыктар болушунун себебинен анчалык жакшы түшүм ала албагандарын баса белгиледи.

Саммитте бүгүн экономика темалары каралат.



Тектеш кабарлар