Түркия өзгөчө баш калкалоочулар темасында өз милдетин аткарууда

Өкмөт башчы Бинали Йылдырым, Афина жана Батыш Фракиядагы жолугушууларынан кийин өлкөгө кайтып баратып, учакта күн тартипке сереп салды.

756586
Түркия өзгөчө баш калкалоочулар темасында өз милдетин аткарууда

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Түркиянын өзгөчө баш калкалоочулар темасында өз милдетин аткарганын айтты.

Анкаранын баш калкалоочу келишимин адамзат темасы катары караганын белгилеген Йылдырым: «Ал адамдардын деңизде жок болуп кетишин көз жаздымда калтыра албайбыз»,-деди.

Өкмөт башчы Бинали Йылдырым, Афина жана Батыш Фракиядагы жолугушууларынан кийин өлкөгө кайтып баратып, учакта күн тартипке сереп салды.

Бинали Йылдырым: «Биз баш калкалоочуларды коркутуу жана курал катары колдонгон жокпуз, колдонууну да ойлобойбуз. Бирок Түркиянын да бир ченеми бар. Аны да Европа Биримдиги көрүшү керек»,-деди.

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас менен Фетуллахчы террор уюму/параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин Грецияга качкан төңкөрүшчүлөрдүн кайтарылып берилбөөсү туурасында айтканын чынчыл деп тапканын белгилеп кетти.

Ципрастын «Колуман келген бир нерсем жок» дегенин түшүндүргөн Йылдырым: «Төңкөрүшкө көз караш, төңкөрүштө орун алгандар тууралуу көз караштары биз тараптан оң. Б.а. биздин тезистерибизге жакын. Төңкөрүш болгонун да кабыл албай жатышат, ошондой эле төңкөрүшкө аралашкандардын карапайымдыгын да жактабай жатышат. Бирок ошентсе да бул темаларда колдоо көрсөтүүгө аракет кыла тургандарын айтты. Айрым башка өлкөлөрдө абал башкача билесиздер. Грецияда мындай нерсе жок. Ошол айырманы ортого коюшубуз керек»,-деди.

Йылдырым, Түркия менен Грециянын саясий чечим чыгаруучулардын арасында түздөн-түз байланыш түзүп, күтүлбөгөн абалдардын кризиске айланышына бөгөт боло тургандарын да айтты.



Тектеш кабарлар