Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын араб журналисттер менен жолугушту

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Катар кризисинин аймакта жасалма фронт пайда кылууга карата экендигин айтты.

756236
Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын араб журналисттер менен жолугушту

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Катар кризисинин аймакта жасалма фронт пайда кылууга карата экендигин айтты.

Ибрахим Калын Стамбулда араб журналисттер менен жолугушту. Катар кризисинин Сирия согушу жана Ирак менен башталган аймактагы бир канча фронт түзүү аракетинин натыйжаларынын бирөөсү экендигин белгилеген Калын оболу бул жасалма фронтторду четке кагуу керектигин айтты.

Түркиянын Катарда аскерлеринин болушуна да токтолгон Калын максаттарынын эч бир өлкөгө күч көрсөтүү эмес экендигин, Катар жана бардык булуң өлкөлөрүнүн арасында коргонуу өнөр жай тармагында аскердик кызматташтык тармагында мүмкүнчүлүктөрдү дагы да арттыруу экендигин белгиледи.

Жакынкы Чыгыштын байлыгына да токтолгон Калын бирок жамандык менен бул потенциалды жок кылууга аракет кылынгандыгын айтты. Калын : «Бул жерде аймак өз бутуна турууга  аракет кылып, өз динамикалары менен кыймыл кылууга аракет кылып жатканда бирөөнүн аймакта жамандык кылып жаткандыгын көрүүдөбүз»,- деди.

 



Тектеш кабарлар