Грециядагы тектештердин дарты Түркиянын дарты...

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Грециядагы расмий жолугушууларынан кийин Батыш Фракиядагы түрктөр менен жолугушуу үчүн Гүмүлжинеге өттү.

756137
Грециядагы тектештердин дарты Түркиянын дарты...

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Грециянын премьер-министри Ципрас менен жолугушуусунан кийин Батыш Фракиядагы түрктөр менен жолугушуу үчүн Гүмүлжинеге өттү.

Өкмөт башчы Йылдырым, Грециядагы тектештердин дарты Түркиянын дарты болгонун айтты.

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Грециянын Гүмүлжине шаарына жакын жердеги Кыржалы айылында 5 миңдей киши катышкан ооз ачуу тамагында батыш фракиялык түрктөр менен жолукту.

Өкмөт башчы Йылдырым, бул жердеги сөзүндө ыйык Рамазан айында ооз ачуу себеби менен Батыш Фракия түрктөрү менен жолукканы үчүн сыймыктанганын жана кубанганын айтты.

Греция менен Түркиянын чогуу аткара турган көп нерсеси болгонуна шилтеме кылган Йылдырым: «Греция менен Түркия, эки коңшу өлкө. Чогуу жасай турган көп нерсебиз бар. Бул карым-катнаштардын өнүктүрүлүшүнүн эң маанилүү чыгуучу жери да тектештерибиз. Тектештерибиз Греция менен Түркиянын ортосундагы карым-катнаштарда көпүрө милдетин аткарышууда. Ошондуктан тектештерибиздин Грециядагы бакыты, Түркиянын бакыты, дарты да Түркиянын дарты болуп саналат»,-деп айтты.

Греция менен көп жылдарга созулган диалог аркылуу эки өлкөнүн ортосундагы соода, экономика, туризм, транспорт тармактарында кызматташтыктарынын өнүккөнүн түшүндүргөн Йылдырым, пайда табуулар үчүн диалогдун шарт экенин түшүндүрдү.

 



Тектеш кабарлар