Эрдогандын эскермеси көргөндөрдүн делебесин козгоду

Президент Эрдоган менен жубайы Эмине Эрдоган, Анкаранын Алтындаг маданият борборунда өткөрүлгөн Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) Аял жана жаштар канатынын ишеним ооз ачуу программасына катышты.

756020
Эрдогандын эскермеси көргөндөрдүн делебесин козгоду

Президент Режеп Таййип Эрдогандын эскермеси көргөндөрдүн делебесин козгоду.

Президент Эрдоган менен жубайы Эмине Эрдоган, Анкаранын Алтындаг маданият борборунда өткөрүлгөн Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) Аял жана жаштар канатынын ишеним ооз ачуу программасына катышты.

Программада сөз сүйлөөлөрдөн мурда АК Партиянын аялдар канаты башчылыгынын таанытуу тасмасы көрсөтүлдү.

Тасмада Стамбулда кичине бир кыздын энесинин билериктерин Эрдоганга бериши өз оозунан түшүндүрүлдү.

«Стамбулдун жакыр маалаларынан биринде элек. Калың элдин ичинен 7-8 жаштарындагы кыз бала жаныма келди, колунда бир нерсе бар эле. Буларды энем сизге жөнөттү деди. Энем шайлангандан кийин бизди эч качан унутпасын деди. 2 даана билерикти колума карматты. Эмне болуп атканын түшүнө электе өзү дагы ичке колундагы билеригин чыгарып, аны да колума берди. Пынархисар абагында жатканда ошол баланын карап турганы ар дайым көз алдымда элестеп тураар эле. Аллахыма шүгүрлөр болсун, ошол чоң аманатты, ошол билдирүүнү эч качан унуткан жокпуз, унуткан жокмун».

Тасма көрсөтүлгөн соң залдагы калың эл туруп алышып президент Эрдоганга кол чаап жатышты. Эрдогандын да ошол эскермени көргөндө көз жаштарын тыя албаганы көрүнүп турду.



Тектеш кабарлар