Түркия акыркы жылдардагы ырааттуулугу менен кызганылган өлкө

Эрдоган, Президенттик комплексинде уюштурулган Анкара Мамлекеттик протоколунун ооз ачуу программасына катышты.

753956
Түркия акыркы жылдардагы ырааттуулугу менен кызганылган өлкө

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын акыркы жылдардагы ырааттуулугу менен кызганылган өлкө болгонун айтты.

Эрдоган, Президенттик комплексинде уюштурулган Анкара Мамлекеттик протоколунун ооз ачуу программасына катышты.

Бул жердеги сөзүндө Түркиянын күчтүү ырааттуулукка ээ болушунан улам бутага алынганын белгилеген Эрдоган, өлкөнүн саясий, социалдык, экономикалык жаракаларына карай кол салуулардын мындан кийин да улана турганын эске салды.

Түркия ээ болгон ийгиликтеринин себебинен кызганылган өлкө, улуттун да кызганылган улут болгонун айткан Эрдоган: «Ушул себептен өлкөбүздүн коопсуздук концептинде түптүү өзгөртүүгө барышыбыз шарт болгон. Кол салууларды өз чек араларыбыздын ичинде жана сезимтал аянттарыбызда тосуунун чыгымына жетиштүү түрдө учурадык. Мындан ары маселелерге түздөн-түз булагында кийлигишип, чечүүчү жолду ал жерлерде издейбиз. «Евфрат калканы» кыймылы бул түшүнүктүн канчалык туура жана натыйжа берүүчү болгонун бизге көрсөттү»,-деди.

Түркияны террордук уюмдар менен курчоого алууга аракет кылгандардын оюндарынын алгачкы көшөгөсүн бузгандарын баса белгилеген Эрдоган, террорго каршы керектүү кадамдарды мындан кийин ошол аянттарда таштай тургандарын белгилеп кетти.

Эрдоган, террор уюму ДЕАШты эң оор жоготууларга учураткан өлкөнүн Түркия экенин айтты жана «ДЕАШ менен каалганын аркасында коалиция түзгөндөрдү да билебиз»,-деди.

Түркиянын 780 миң чарчы километрдик бир мекен болгонуна шилтеме кылып, террорго каршы күрөштө чечкиндүүлүктү баса белгилеген Эрдоган: «Эч ким бул мекендин территориясында операция кылууну ойлобосун. Мына ушундай операцияларды ойлогондор өлкө ичинде жана тышында оор чыгымдарга учурап жатышат, учурашын да улантат. Кайда кетишсе дагы изин кууйбуз»,-деп айтты.

Экономикада да Түркияга киргизилген жашыруун курчоонун сынганынын белгилерин ала баштагандарын айткан Эрдоган: «Мына өсүү көрсөткүчтөрүбүз мунун акыркы үлгүсү. Биринчи чейректе 5 пайызга өсүү бардык оюндарды бузду»,-деди жана өсүүнүн алдыдагы процессте да улана турганын айтты.



Тектеш кабарлар