Террор менен күрөшүнүн бир жумалык баллансы

Бир жумада ПКК террордук уюмдун мүчөсү 60 террорист өлтүрүлдү.

754063
Террор менен күрөшүнүн бир жумалык баллансы

 

Операциялар Шырнак, Хаккари, Диярбакыр, Бингөл, Элазыг, Мардин жана Сииртте жүргүзүлдү. Операцияларда көп сандаган курал жана жарылуучу зат колго түшүрүлдү.

Террористтер тарабынан колдонулган 52 баш калкалоочу жер, үңкүр жана ок – дары сактоо жери жардырылды.

ПККнын финансылык булактарына карата жүргүзүлгөн операцияларда көп сандаган банги заттар, тамекилер конфискацияланды. Чек аралардан мыйзам тышы жолдор менен өтүүгө аракет кылган 5 миң 617 киши кармалды.

Башкы штабдан берилген маалыматта : «Акыркы жылдардын эң чоң соккусу урулган жана мүчөлөрүнүн көпчүлүгүн жоготкон, өзгөчө лидер кадрынан жоготуулары менен кыйын абалда калган ПКК акыркы айларда абдан кыйын абалга келди»,- деп айтылды.

Сириянын түндүгүндө болгон операцияда да Азез жана Жараблустын ортосундагы 243 отурукташуу жери менен 2 миң 15 километр квадраттык аянт да текшерүүгө алынды.

Ел баб райондук борбору менен Каббасин жана Бзагаз аймактарында жарылуучу заттар менен миналарды изилдөө – тазалоо иштери жүргүзүлдү. ПКК/ПЙД мүчөсү террористтердин Афринден чыгышка, Мүнбичтен батышка карай болушу мүмкүн болгон кол салууларды токтотууга карата чараларды көрүү улантылды.

 



Тектеш кабарлар