Президент Эрдоган Бахрейндин тышкы иштер министри менен жолугушту

Катарга жасалган санкциялардан кийин Түркия дипломатиялык демилгелерин улантууда.

750096
Президент Эрдоган Бахрейндин тышкы иштер министри менен жолугушту

 

Бахрейндин тышкы иштер министри Стамбулга келди. Президент Р. Т. Эрдоган Бахрейндин тышкы иштер министри Шейх Халид бин Ахмед Ал Халифени кабыл алды.

Тарабядагы Хубер сарайында өткөн жолугушуу басма сөзгө жабык өтүп, бир жарым саатка созулду.

Катар кризиси каралган жолугушуудан кийин биринчи билдирүү тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглудан келди. Чавушоглунун берген маалыматына караганда Эрдоган бахрейндик  коногуна Катар кризисинин Рамазан бүткөнгө чейин аягына чыгышы керектигин айтты.

Түркиянын кризистин тынчтык жолу менен чечилиши үчүн иштөөнү улантарын белгилеген министр Чавушоглу Катарга жибериле турган түрк аскерлеринин Перс булуңундагы коопсуздукту түзүүнү максат кылгандыгын билдирди.

Сауд Арабстан жана Египет баш болгон өлкөлөр, АКШнын аракетке өтүүсү менен Катар менен болгон байланыштарын үзгөн. Дипломатиялык блокададан кийин  аба мейкиндиктери жабылып, Катар жарандары өлкөлөрдөн чыгарылды.

Чоң – кичине болуп саны онго жеткен өлкөлөргө каршы Түркия Катардын жанында орун алууда.



Тектеш кабарлар