Йылдырым: «Аймагыбыз жаңы меселелерди көтөрө албайт»
Түркия аймагында күчтүү болуусу керек
Премьер-министр Бинали Йылдырым Катар маселесинин диалог жана кеңешүү жолу менен чечилүүсү үчүн Түркиянын аракет кылып жатканын айтты.
Йылдырым Анкара Чанкая сарайындагы ооз ачтыруу программасында бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Түркиянын аймагында күчтүү болуусу керектигин, муну учурда болуп жаткан бардык окуялар көрсөтүп жатканын баса белгилеген Йылдырым, Булуңдагы кырдаалдын буга мисал экенин белгиледи.
Аймактын жаңы маселелерди көтөрө алгыдай абалда эмес экенин айткан Йылдырым, кризистин диалог менен чечилүүсү үчүн Түркиянын аракет кылып жатканын билдирди.
Премьер-министр: «Азырынча Сирия, Ирак, Йемен, Ливия маселелери чечиле электе жаңы маселенин жаралбашын үмүт кылабыз. Бул үчүн президентибиз менен катар өкмөтүбүз тараптарларды токтоолукка чакырууда жана болуп жаткан көйгөйлөрдү диалог-кеңешүү жолу менен чечилүүсүн каалап жатабыз. Анткени аймак жаңы маселелерди, жаңы ыраатсыздыкты көтөрө алгыдай абалда эмес. Эң капага салганы да мусулман өлкөлөр жыш жашаган бул аймакта маселелердин көбөйүшү. Муну да диний баалуулуктарыбыз жагынан түшүндүрүп берүү кыйын»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.