Катардын ушундай түрдө изоляцияга алынууга аракет кылынышы эч бир маселенин чечилишине салым кошпойт

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, АК Партиянын башкы кеңсесинде өткөрүлгөн 10-Элчилер ооз ачуу программасында сөз сүйлөдү.

747423
Катардын ушундай түрдө изоляцияга алынууга аракет кылынышы эч бир маселенин чечилишине салым кошпойт

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, Катарга каршы башталган санкцияларды туура деп таппаганын айтты.

Эрдоган АК Партиянын башкы кеңсесинде өткөрүлгөн 10-Элчилер ооз ачуу программасында сөз сүйлөп, колдошуу жана кызматташтыкка ар дайым болгонунан дагы көп муктаждык болгон ушул мезгилде болуп жаткан бул жагдайдын өзгөчө аймактагы эч бир өлкөгө пайдасы болбой турганын белгилеп өттү.

Перс булуңунун кызматташтык кеңешинин мүчөлөрүнүн өз араларындагы маселелерди эки тараптуу диалог жолу менен чечүүсүнүн эң туура жол болгонун айткан Эрдоган, ушул алкакта Катар ортого салган токтоо жана конструктивдүү мамилесинин мактоого арзырлык болгонун билдирди.

Эрдоган: «Террор уюмдарына каршы таасирдүү күрөш жүргүзүп жатканын биз жакындан билген Катардын ушундай түрдө изоляцияга алынууга аракет кылынышы эч бир маселенин чечилишине салым кошпойт. Түркия катары 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен баштап эң татаал күндөрүбүздө дайыма күчтүү колдоолорун сезгенибиз бардык досторубуз сыяктуу Катар менен да карым-катнаштарыбызды өнүктүрүп улантабыз. Калган өлкөлөрдүн Катар менен болгон маселелеринин чечилиши темасында да өз милдетибизди аткарууга даярбыз»,-деп айтты.

Сирия жана террор темаларына да токтолгон президент, ДЕАШты жок кылыш үчүн башка бир канкор террор уюмунун (ПЙД/ЙПГ) процесске киргизилгенин белгилеп: «Тактикалык себептер менен болсо дагы басып алган аймактарда этникалык тазалоолорун жүргүзгөн, кээде режим менен кээде ДЕАШ менен кызматташкан террор уюмуна колдоо көрсөтүү эч качан туура эмес. Саясий чечүүчү жол көз карашын ортого салбаган, аймактын тарыхый, социалдык жана маданий динамикаларын эске албаган демилгенин ийгиликке жетишүү мүмкүнчүлүгү болбойт. Өзүнөн башка эч кимге жашоо укугу тааныбаган террордук уюм эч качан демократиялык күч боло албайт. Ушундай түзүлүштү аныктай турган жалгыз сөз «террор уюму» термини болуп саналат»,-деди.

Жикчил террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГга колдоо көрсөткөн өлкөлөргө каршы чыккан Эрдоган: «Бир гана аймактагы саясаттарына кызмат кылгандары үчүн террор уюмдарына каршы чечкиндүү мамиле көрсөтүүнүн ордуна аларды «согушкер күч» сыяктуу аныктамалар менен бутуна тургузгандар маанилүү жаңылыштык кылгандарын абдан жакында түшүнүшөт. Тарых бизге ушундай түрдөгү жаңылыштыктардын кийинчерээк өлүмчүл коркунучтар катары шериктештерине кайра бурулганын көрсөттү»,-деп айтты.

Террор темасында эки анжы мамилени көрсөткөн өлкөлөр бар экенин жана бул мамилеси капага салганын түшүндүргөн Эрдоган, дагы деле «жакшы террорист, жаман террорист» айырмасын кылгандардын бар экенин белгилеп кетти.

Президент, АКШнын Ракка операциясы тууралуу да, «ПЙД/ЙПГ менен жүргүзө тургандарын айтышууда, пайдалуу болсун. Бирок биздин жерлерге карай кол салуу болсо тийиштүү жоопту беребиз, эч ким бизден террордук уюмдарга кечиримдүү мамиле кылышыбызды күтө албайт. Түштүк чек арабызды бойлой дагы жана Ирактын түндүгүндө дагы террор тилкеси түзүлүүсүнө уруксат бере албайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар