Түркия менен ЕБ кызматташуусун улантат

Шинас, ЕБ Комиссиясынын имаратындагы күнүмдүк маалымат жыйынында өткөн апта Брюсселде президент Эрдоган менен ЕБ Комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер жана ЕБ Кеңешинин төрагасы Дональд Тусктун ортосунда болгон жолугушуулар тууралуу маалымат берди.

741634
Түркия менен ЕБ кызматташуусун улантат

Европа Биримдиги Комиссиясынын басма сөз катчысы Маргаритис Шинас, президент Режеп Таййип Эрдоган менен ЕБнин жооптууларынын өткөргөн сүйлөшүүлөрүнүн жакшы, оң жана конструктивдүү атмосферада өткөнүн айтты.

Шинас, ЕБ Комиссиясынын имаратындагы күнүмдүк маалымат жыйынында өткөн апта Брюсселде президент Эрдоган менен ЕБ Комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер жана ЕБ Кеңешинин төрагасы Дональд Тусктун ортосунда болгон жолугушууларда тараптардын биргелешкен темаларды караганын белгилеп: «Түркия жана ЕБ кызматташтыгын улантууга аргасыз жана улантат»,-деп айтты.

Карым-катнаштарда жаңы мезгилдин башталганын белгилеген Шинас, Түркия жана ЕБнин орток кызыкчылыктары бар экенин, ушул алкакта бирге иш-аракет кылуунун мажбурдуулук болгонун жана тараптардын бирге иш-аракет кылуу темасында макулдашкандарын баса белгиледи.

НАТОнун мамлекет жана өкмөт башчыларынын жыйналышы боюнча Брюсселге барган Эрдоган, Юнкер жана Туск менен үчтүк жолугушуудан кийин, Юнкер менен өз алдынча 30 мүнөттөй сүйлөшүү өткөрдү.

Президент Эрдоган ошол эле учурда ЕБ Парламентинин төрагасы Антонио Тажанини да кабыл алды.

ЕБнин жооптуу кызматкерлери менен жолугушууларда Түркия менен ЕБнин ортосунда 2016-жылдын март айында кол коюлган баш калкалоочу келишиминин аткарылышы керектигин айтылган.

Оң атмосферада өткөнү белгиленген жолугушууларда Түркия-ЕБ карым-катнаштарынын жаңыдан жанданышынын мааниси баса белгиленип, террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты күчтөндүрүүнүн керектүүлүгүнө токтолгон.



Тектеш кабарлар