Алгачкы жергиликтүү автоунаа 2019-жылы базар рыногунда

Автоунаалар жергиликтүү бренд менен чыгарылат

739457
Алгачкы жергиликтүү автоунаа 2019-жылы базар рыногунда

Илим, өнөр жай жана технология министри Фарук Өзлү, президент Режеп Тайип Эрдогандын Түркия Палаталар жана Биржалар Биримдигинин кезектеги 73-жыйынында күн тартипке койгон жергиликтүү автоунаага байланыштуу максаттарынын, 2019-жылы алгачкы моделин чыгаруу экенин айтты.

Президент Эрдогандын мындан бир канча жыл мурда «Түркияда жергиликтүү увтоунаа чыгаруу үчүн өзүнө ишенген бирөөнү издеп жатам» деген чакырыгын эске салган Өзлү, бул боюнча министрликтин карамагында Түркиянын илимий жана технологиялык изилдөө мекемеси (ТҮБИТАК) тарабынан жергиликтүү брендге байланыштуу иш-чаранын баштатылганын белгиледи.

Фарук Өзлү министрлик кызматына дайындалгандан кийин теманы кайрадан иликтегендерин баса белгилеп: «Жаңы иштөө моделин орто салдык. Бул жаңы иштөө модели, менчик сектор алдыда боло турган жана мамлекет колдой турган модел б.а менчик сектордун жетекчилигинде бул иштин жүргүзүлүшү болуп саналат»,-деди.

Өлкөдө өткөн жылы 1,5 миллиондон ашуун автомобиль чыгарылганын жана мунун 76 пайызынын да экспорттолгонун баса белгилеген Өзлү: «Түркия автомобиль секторунда экспорт кылган өлкө. Дүйнөдөгү эң престиждүү ишканаларга шайман өндүргөн кошумча өнөр жайыбыз бар. Бул жерде жалгыз гана жергилүүктү бренд болбойт. Буюрса бул иш-чара аркылуу жергиликтүү бренд түзүлөт»,- деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар