Түркияда террористтер менен кырчылдашкан кармаш жүрүп жатат

Түркиянын ар кайсы аймактарында террористтерге карай операциялар жүргүзүлүп жатат.

739423
Түркияда террористтер менен кырчылдашкан кармаш жүрүп жатат

Түркиянын Агры жана Ван облусунун ортосундагы Тендүрек тоосунун өткөөлүндө жикчил террор уюму ПККга мүчө террористтер менен коопсуздук күчтөрүнүн ок атышуусу болуп 3 аскер шейит болду.

Кечээ бир топ террористтин Тендүрек тоосунун өткөөлүндө токтоткон айрым унааларды өрттөгөнүнүн себебинен аймакта коопсуздук күчтөрү тарабынан операциялар башталган.

Операцияда бир топ террорист менен ок атышуулардан алгачкы белгилөөлөргө караганда 3 аскер жана 1 күзөтчү шейит болду, 4 аскер жаракат алды. Кагылышууда 9 террорист жок кылынды.

Хаккаринин Шемдинли районунда жүргүзүлгөн операцияда болсо 1 аскер шейит болду. Операцияда 1 террорист жок кылынды.

Шырнактын элет жеринде жикчил террор уюму ПККга карай жүргүзүлгөн операцияда 1 атайын кыймыл коопсуздук кызматкери шейит болду.

Шырнактын Бейтүшшебаб районундагы Като тоосунда уланган операцияда 2 коопсуздук кызматкери жаракат алды.

Жаралуу полициялар тик учар менен Шырнак мамлекеттик ооруканасына жеткирилди.

 Террор уюмуна карай операциялар уланууда.

Тунжелинин борборуна караштуу Чичекли айылынын элет жеринде операцияга чыккан коопсуздук күчтөрү менен жикчил террор уюму ПККнын ортосунда болгон ок атышууда да 3 коопсуздук кызматкери жеңил жаракат алды.

Жаралуу аскерлер Тунжели мамлекеттик ооруканасына жеткирилип дарыланууда.



Тектеш кабарлар