Эрдоган НАТО Саммити убагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт

Эрдоган Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Европанын лидерлери менен жолугат.

738991
Эрдоган НАТО Саммити убагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт

Президент Режеп Таййип Эрдоган Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Европанын лидерлери менен жолугат.

Президент  Эрдоган, «НАТОнун Мамлекет жана өкмөт башчыларынын жыйналышына» катышуу үчүн барган Брюсселде НАТОнун программасы жана саммитинин алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Ушул алкакта президент Эрдоган, өзү жашаган мейманканада Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Андан соң НАТОнун жаңы штаб имаратына барып Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй менен жолуга турган Эрдоган, андан соң Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолугат.



Тектеш кабарлар