Түрк Кызылайы Африкага гуманитардык жардам жөнөтөт

Жардамдар 3 миллион кишинин бир айлык азык-түлүк муктаждыгын камсыздайт

738026
Түрк Кызылайы Африкага гуманитардык жардам жөнөтөт

Түрк Кызылайы Африкага 3 кеме жардам жөнөтөт.

Түрк Кызылайынын билдирүүсүнө караганда, Африка өлкөлөрүндө болуп жаткан адамзаттык кризистерге көңүл бурган Кызылай, президент Режеп Тайип Эрдогандын буйругу менен Сомали, Йемен жана Суданга карай жардамдарына дагы жаңысын кошот.

Ишемби күнү баштала турган Рамазан айынын ичинде сапар тарта турган 3 кеменин ар бири 3 миллион кишинин 1 айлык азык-түлүк муктаждыгын камсыздай тургандай жардамдарды алып барат.

Кызылайдын башкы жетекчиси Керем Кынык да эртең Мерсиндин Ташужу портунда кемелерде иликтөө жана текшерүү жүргүзөт.



Тектеш кабарлар