Бинали Йылдырым Грузияга барат

Бинали Йылдырым, Түркия-Грузия Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин экинчи жыйналышына катышуу үчүн бүгүн Грузияга барат.

736341
Бинали Йылдырым Грузияга барат

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Түркия-Грузия Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин экинчи жыйналышына катышуу үчүн бүгүн Грузияга барат.

Жыйналышта 2016-жылдын 19-июлунда Анкарада болгон  Түркия-Грузия Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин биринчи жыйналышында чыгарылган чечимдер тууралуу ишке ашыруулар каралып чыгып, жаңы кызматтыштык мүмкүнчүлүктөрү жана аймактык темалар туурасында пикир алмашылат.

Жыйналыштын алкагында эки тараптуу кызматташтыктын келишимдик инфраструктурасын күчтөнтө турган ар түрдүү документтерге да кол коюлат.

Йылдырым, эки күндүк сапарында Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили жана түрк ишкерлери менен да жолугат.



Тектеш кабарлар