Орус айыл - чарба делегациясы Мерсинде
Орусиянын айыл – чарба министрлигинен бир делегация Мерсиндин Тарсус районундагы теплицаларда изилдөө жүргүздү.
Орусиянын айыл – чарба министрлигинен бир делегация Мерсиндин Тарсус районундагы теплицаларда изилдөө жүргүздү.
Анталья жана Измирден кийин Мерсинге барган Антон Кармазин жетекчилигиндеги делегацияга азык – түлүк, айыл – чарба жана мал - чарбачылык министрлигинин азык – түлүк жана текшерүү боюнча башкы директорлугу менен Мерсин азык – түлүк, айыл – чарба жана мал - чарбачылык директорлугунун жетекчилери да коштоду.
Патиссон жана калемпир башта болуу менен экспорттолуучу өсүмдүктөрдүн эгилишинен баштап жыйналышына чейинки процессти иликтеген делегация кутулоо жана жүктөө тууралуу да маалымат алды.
Азык – түлүк, дыйканчылык жана мал - чарбачылык министрлиги, азык – түлүк жана текшерүү башкы директорунун орун басары Юнус Байрам делегацияга өсүмдүктөрдүн саламаттыгы жана карантин боюнча да отчет беришерин айтты. Орус делегациясынын райондогу иликтөөлөрү жума күнгө чейин улантылат.