Түрк Кызылайы Иракка жардам берди

Сүлеймание шаарындагы 400 майып жаранга азык – түлүк жардамы берилди

733499
Түрк Кызылайы Иракка жардам берди

Түрк Кызылайы Ирак Күрт Аймактык башкаруусунда орун алган Сүлеймание шаарындагы 400 майып жаранга азык – түлүк жардамын берди.

Түрк Кызылайы Ирак гуманитардык жардам делегациясынын төрагасы Сердар Йылмаз Анадолу агенттигине  берген маалыматта Ирактагы гуманитардык жардам иштеринин алкагында Сүлеймание шаарындагы майыптарга азык – түлүк жардамын таркатышкандарын белгиледи.

Рамазан айынын жакындашуусу менен бирдикте муктаж болгон үй  - бүлөлөргө бере турган азык – түлүк жардамдардын да артарын белгилеген Йылмаз : «Бул жылы да Рамазан айынын келиши менен түрдүү жардам иштерибиз болот. Кайрымдуу кишилердин жардамдарын жеткирүүгө аракет кылабыз»,- деди.

Йылмаз Мусулдан качкан ички качкындар башта болуу менен чатыр лагерлерде жашоо үчүн күрөшүп жаткандар жана аймактагы башка бардык муктаж кишилерге жардам берүүнү улантышарын сөздөрүнө кошту.



Тектеш кабарлар