Эрдогандын АКШ сапары

Дүйнө жүзү кызыгып күткөн президент Эрдоган менен АКШнын президенти Трамптын жолугушуусуна саналуу гана сааттар калды.

732779
Эрдогандын АКШ сапары

Дүйнө жүзү кызыгып күткөн президент Режеп Таййип Эрдоган менен Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамптын жолугушуусуна саналуу гана сааттар калды.

Эки лидер Түркия убактысы боюнча саат 19:40та Ак үйдөгү Оваль офисте жолугат. Президент Эрдоган, Ак үйдөгү тосуп алуудан кийин алгач Ардак дептерине кол коет.

Андан соң Оваль офисте президент Трамп менен бетме-бет жолугушат.

Маанилүү темалар карала турган жолугушуудан кийин сапарга баа беришет.

АКШ сапарынын алдында Кытайдын борбор шаары Пекинде Эл аралык кызматташтык үчүн «Бир алкак-бир жол» форумуна катышкан президент Эрдоган, Кытайда журналисттерге маалымат берип: «Биздин жолугушуубуз үтүр аралыгында эмес, чекит аралыгында болот»,-деди.

Президент Эрдогандын АКШнын президенти Дональд Трамп менен боло турган бетме-бет жолугушуусунда  аймактык жана эл аралык темалардын каралышы күтүлүүдө.

ДЕАШ террор уюуму менен күрөшүүдөн баштап, Ирак жана Сириядагы акыркы абал, ыктымалдуу Ракка операциясы жана Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) корбашчысы Фетуллах Гүлендин кайтарылышы тууралуу темалар жолугушуулардын башкы темаларынын арасында турат.

Президент Трамп, президент Эрдогандын урматына түшкү тамагын да берет.

Эрдоган андан кийин Элчиликтин имаратына өтөт.

Эң оболу даанышман адамдарды кабыл алат. Андан соң алдыңкы фирмалардын жетекчилери жана фонд башкаруучулары менен жошлугат.



Тектеш кабарлар