Террор менен күрөшүүнүн бир жумалык баллансы

Операцияларда террористтерден 38 киши өлүү, 3 террорист соо колго түшүрүлүп, 11 террорист да багынды

732576
Террор менен күрөшүүнүн бир жумалык баллансы

Жалпы өлкөдө 8 – 15 -  май күндөрүнүн арасында террордук уюмга карата жүргүзүлгөн операцияларда жикчил террордук уюм ПКК мүчөсү 52 террорист таасирсиз абалга келтирилди. Операцияларда террористтерден 38 киши өлүү, 3 террорист соо колго түшүрүлүп, 11 террорист да багынды.

Уюмга жардам берди деген негиз менен 118, ДЕАШ терррордук уюм менен байланышы бар экени айтылган эки, Фетуллахчы террордук уюм менен күрөшүүнүн негизинде 1767, солчул террордук уюмдар менен күрөшүүнүн негизинде да 4 киши камоого алынды.

Битлис, Диярбакыр, Мардин, Эрзурум, Кахраманмараш, Шырнак, Сиирт жана Бингөлдө  террордук уюмдун мүчөлөрү тарабынан колдонулган 49 баш калкалоочу жер, үңкүр жана жарылуучу 50 граната менен мани жардырылды.

Коопсуздук күчтөрү тарабынан 2 тонна 71 килограммдык жарылуучу зат, 60 граната, 153ү оор жана узун аралыктуу болуу менен 170 курал жана 132 миң 297 ок – дары колго түшүрүлдү.

Террордук уюмдардын финансы булактарына карата жүргүзүлгөн операцияларда чоң өлчөмдө банги зат, тамеки жана күйүүчү май колго түшүрүлдү.

Иретсиз көч менен күрөшүүнүн негизинде 155ши деңиздерде болуп 5 миң 196 киши кармалды.

ФЕТӨ/ПДЙ, ПКК/ТАК, ДЕАШ сыяктуу жикчил террордук уюмдар, террордук уюмдар менен байланышы болгон, элди жек көрүү, кек сактоо жана душмандыкка түрткөн, мамлекеттик  жогорку кызматкерлерге акаарат кылган, мамлекеттин бүтүндүгүнө жана коомдун коопсуздугун коркуткан сөздөрдү камтыган 1341 социалдык медиа эсеби тууралуу иш башталып, аныкталган 558 кишиден 57си камоого алынды.

 



Тектеш кабарлар