Кемерге туристтер келе баштады

Антальяда туризм сезону жанданды

731139
Кемерге туристтер келе баштады
antalya, kemer.jpg

Туризм сезону жанданган Антальянын Кемер районундагы туристтик жайлардын 80 пайызы толду.

Орустар менен катар ар кайсы өлкөлөрдөн туристтер эс алуу үчүн Антальянын Кемер районуна келе башташты.

Райондогу 4 же 5 жылдыздуу отелдердин көпчүлүгүн орусиялык туристтер толтурду.

Кемердин туристтик отелчилер биримдигинин төрагасы Таййар Гүл Кемерде туризм сезонунун 1-майдан тарта башталганын, райондогу отелдердин 80 пайызынын толгонун билдирди.

Июнь айында жана бул айдын ичинде майрамдала турган Рамазан майрамынан улам отелдердин 100 пайызга толо турганын айткан Гүл, учурда басымдуу түрдө орусиялык туристтердин келип жатканын билдирди.



Тектеш кабарлар