АКШнын жикчил террордук уюмдун жанында  болушу туура эмес

Эрдоган өлкө ичинде жана тышында ДЕАШ, ПКК, ПЙД/ЙПГ менен чечкиндүү күрөшүшкөндөрүн айтты

730997
АКШнын  жикчил террордук уюмдун жанында  болушу туура эмес

 

Президент Эрдоган Кытайга кеткенден мурда Эсенбога аэропортунда суроолорго жооп берди. Кытайдагы жолугушууларынан кийин 15 – 17 -  май күндөрү өткөрө турган АКШ сапары тууралуу маалымат берген Эрдоган : «Азыркы учурда АКШ өткөөл процессинде. Бул өткөөл процессин жашап жатышы менен да биз абдан этият, жооптуу болушубуз керек. АКШдан ЙПГге берилген куралдар жөн гана курал эмес. Баарынын документтери колубузда, муну АКШ кабыл алууда. Булар АКШ менен болгон стратегиялык карым – катнаштарыбызга тескери абалдар. Булардын болушун каалабайбыз. Булардын баарын айтып, сүйлөшөбүз»,- деди.  

ДЕАШ террордук уюм менен эң жогорку деңгээлде күрөшүп жаткан өлкөнүн Түркия экендигин айткан Эрдоган ДЕАШ менен күрөшүү тууралуу Түркия тышындагы бардык өлкөлөрдүн сүйлөп эле калгандыгын баса белгиледи.

Эрдоган өлкө ичинде жана тышында ДЕАШ, ПКК, ПЙД/ЙПГ менен чечкиндүү күрөшүшкөндөрүн айтты.

Сириянын түндүгүндө террордук уюм менен бирдикте көрүнүштөрдү берген АКШ менен Орусияга каршы чыккан Эрдоган : «Бул аймакта АКШ менен Орусияга эмес, коркутуу бизге. Коркутуулар бизге карата болгондугуна караганда башкалардын эмне иши бар? Эгерде бизге жакшылык кыла турган болушса азыркы учурда биз, АКШ менен НАТОдо бирдиктебиз. Ошондуктан НАТОдо союздаш болгон мындай күчтүү өлкө бул өлкөдө биз менен бирге кадам ташташы керек. Террордук уюмду АКШнын жанына жараштыра албайбыз. Туура да болбойт»,- деди.

Фетуллахчы террордук уюмдун башчысын тапшыруу процессине да токтолгон Эрдоган : «Урматтуу Трамп менен буларды кенен сүйлөшөбүз. Бирок урматтуу Трамптын бул жердеги эркине абдан чоң маани беремин. Ал иштин акырына чейин барабыз. АКШ ФЕТӨнүн уясы болбошу керек»,- деди. Эрдоган : «АКШ сапарымын карым – катнаштарда жаңы бир мезгил болорун ойлоп жатам»,- деди.



Тектеш кабарлар