Эрдоган менен Трамп жолугушат
Эрдоган АКШга барат
730133
![Эрдоган менен Трамп жолугушат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/1d66/befc/c8cd/5914125115479.jpg?time=1718850577)
Президент Режеп Тайип Эрдоган 16-майда расмий сапар менен АКШга барат.
Ак үйдүн билдирүүсүндө, президент Эрдогандын ошол эле күнү АКШнын президенти Дональд Трамп тарабынан Ак үйдө тосулуп алынаары билдирилди.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Шон Спайсердин жазуу түрүндөгү бидирүүсүнө караганда, жолугушууда эки лидер өз ара мамилелердин кантип дагы да бекемделе турганын жана терроризмдин бардык түрүнө каршы күрөшүүдө кызматташуунун кантип тереңдетилсе болоорун талкуулашат.
Президент Эрдоган 20-апрелде журналисттерге берген маалыматында, Кытайга сапарынан кийин дароо АКШга барып 16-17-майда Трамп менен жолугуша турганын билдирген болчу.