Түрк куралдуу күчтөрү жүргүзүлгөн операция тууралуу маалымат берди

Инжебел тоолорунун Като аймагында 2017 -  жылдын 19 -  апрелинде башталган операцияларда ушул күнгө чейин эң көп курал – жарак жана материал колго түшүрүлдү.

729285
Түрк куралдуу күчтөрү жүргүзүлгөн операция тууралуу маалымат берди

Түрк куралдуу күчтөрүнүн Шырнакта жүргүзгөн Шейит жандарма кызматкери майор Ахмет Караман – 2 операциясында көптөгөн курал жарак жана 14 миң 700 калашниоквдун ок – дарысы  колго түшүрүлдү.

Инжебел тоолорунун Като аймагында 2017 -  жылдын 19 -  апрелинде башталган операцияларда ушул күнгө чейин эң көп курал – жарак жана материал колго түшүрүлдү. Операция жүргүзүлгөн аймакта ушул кезге чейин жикчил террордук уюм колдонгон 26 үңкүр аныкталды. Үңкүрлөрдүн абдан терең жана узун, ошол эле учурда көп бөлмөлүү болушунан улам изилдөөлөр  этияттык менен жүргүзүлдү.

Изилдөө жүргүзүлгөн акыркы үңкүрдө 35 миң ок – дары жана 14 миң 700 калашников  ок – дарысы табылды. Андан тышкары түрдүү куралдар үчүн ок – дарылар менен гранта жасоодо колдонулуучу көп сандаган материал  табылды.



Тектеш кабарлар