Президент Эрдоган Кувейтке жөнөп кетти
Эрдоган Кувейттин эмири шейх Аль Сабах менен бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрөт.
728260
![Президент Эрдоган Кувейтке жөнөп кетти](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/7ce9/d520/8337/590875f611bc4.jpg?time=1718928558)
Президент Режеп Тайип Эрдоган Кувейтке жөнөп кетти.
Президент Эрдоган, бир түрк компаниясы өзү жалгыз тендерин утуп алган Кувейт Эл аралык аэропортунун жаңы жүргүнчү терминалынын пайдубалын түптөө аземине катышат.
Эрдоган Кувейттин эмири шейх Сабах Аль Ахмет Аль Жабир Аль Сабах менен бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрөт.
Жолугушууларда эки тараптуу алакалар менен катар аймактык жана эл аралык маселелер каралат.
Президент Эрдогандын сапары, Кувейт менен болгон кызматташуунун бекемделишине салым кошоору күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718928559)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.