Сирияда 5 облуста коопсуздук аймактары түзүлөт

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги,Сирияда айрым аймактарды камтыган коопсуздук аймактары түзүлүүсүнө карата меморандумга кол коюлганын жарыялады.

726072
Сирияда 5 облуста коопсуздук аймактары түзүлөт

Тышкы иштер министрлиги, Түркия, Орусия жана Ирандын ортосунда Сирияда айрым аймактарды камтыган коопсуздук  аймактары түзүлүүсүнө карата меморандумга кол коюлганын жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинин жарыясында, «Түркия, Орусия жана Ирандын ортосунда Сириянын Идлиб облусунун толугу, Латакия, Халеб жана Хама облустарынын айрым аймактары, Хомс облусунун белгилүү аймактары, Дамасктын Чыгыш Гута аймагы, Дераа жана Кунейтра облустарынын белгилүү аймактарын камтыган коопсуздук  аймактары түзүлүүсүнө карата меморандумга кол коюлду»,делди.

Анда: «Кагылышкан тараптардын ортосунда (түзүлө турган коопсуздук  аймактарында) асманда учуучу элементтер менен катар ар түрдүү курал колдонуунун токтотулушун жана аймактарга шашылыш, үзгүлтүксүз гуманитардык жардам агымынын камсыздалышын каттоого алган меморандумду ыраазычылык менен кабыл алуудабыз»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар