Эрдоган: "Мындан кийинки процесс урматтуу Путинде..."

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сочиден кайтып келе жатканда учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди.

725785
Эрдоган: "Мындан кийинки процесс урматтуу Путинде..."

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сирияда кызмат кылган Орусиянын аскерлери менен жикчил террор уюму ПККнын бул жердеги уландысы ЙПГ террористтеринин чогуу сүрөткө түшүүсүнөн тынчсызданганын Орусиянын президенти Владимир Путинге айтканын маалымады.

Президент Эрдоган, Сочиден кайтып келе жатканда учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Путин бул сүрөттөр туурасында «Биздин аскерлерибиз ушундай нерсенин ичинде боло албайт; иликтеймин» дегенин айтты деген Эрдоган: «Мындан кийинки процесс урматтуу Путинге калды»,-деди.

Президент Сириянын түндүгүндө өзүнчө бир мамлекет түзүлүүсүнө Путиндин да оң карабаганын белгилеп: «Идлиб жана беш башка аймакта ок атышпоочулук аймагы сунушталууда. Кааларым бул камсыздалса, Сирия маселесинин 50 пайызы чечилген болот»,-деп айтты.

Президент, Кытайдын мамлекет башчысы жана Орусиянын мамлекет башчысы менен Кытайда 14-15-май күндөрүндө боло турган «Муун жана жол» форумунун алкагында үчтүк сүйлөшүү өткөрүлө турганынын маалыматын да берди.

Бир тараптан президент Эрдоган, Путиндин 22-майда Карадеңиз экономикалык кызматташтыгынын жыйналышы үчүн Түркияга келе ала турганын да кошумчалады.



Тектеш кабарлар