Эрдоган-Путин жолугушуусу башталды

Эрдоган менен Путин бетме-бет жолугушуунун алдында өз-өзүнчө сөз сүйлөштү

725114
Эрдоган-Путин жолугушуусу башталды

Президент Режеп Тайип Эрдоган, Түркия менен Орусиянын таштай турган кадамынын аймактын тагдырын өзгөртө турганын айтты.

Расмий сапар менен Орусияга барган Эрдоган жана Орусиянын президенти Владимир Путин, Сочидеги мамлекеттик  резиденциясында бетме-бет жолугушуунун алдында өз-өзүнчө сөз сүйлөштү.

Эрдоган сөздөрүн: «Өзгөчө урматтуу досубуздун бул чакыруусуна Карадеңиздин бир жагынан экинчи жагына баргызган бул жолугушууну камсыздаганы үчүн ыраазычылыгымды билдирем»,-деп баштады.

Орусия Федерациясы менен Түркиянын ортосундагы керек болсо эки тараптуу алакаларды, керек болсо аймактык маселелерди карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн таба тургандарын белгилеген Эрдоган: «Учурда мойнубузда чоң жоопкерчиликтер турган мезгилди өткөрүүдөбүз. Орусия менен Түркиянын бул жерде таштай турган кадамы, акмактын тагдырын өзгөртөөрүнө ишенемин»,-деди.

Орусиянын президенти Владимир Путин да Түркия-Орусия карым-катнаштарынын өзгөчө мүнөзгө ээ экенин белгилеп: «Мамлекетибиздин шагын сындырбай Сочиге келгени үчүн ырахмат айтабыз. Өз ара мамилелерибиз макулдашканыбыздай өнүгүүсүн улантып жатат. Иш алпаруу чөйрөсүндөгү бул жолугушууда, эки жакты тең кызыктырган темалар жана Сирия менен катар учурдагы маселелерди талкулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ боло турганыбыз үчүн ыраазыбыз»,-деп айтты.

Путин: «Урматтуу президент сиз менен болгон жолугушууларыбыз, түрк-орус алакаларынын толук нормалдашуу процесси аяктагандан кийин өзгөчө мүнөзгө эгедер болгонун дагы бир жолу көрсөтүүдө. Орусияга кош келдиңиз»,-деп айтты.

Түркияда 16-апрелде өткөрүлгөн референдумдун жыйынтыгынан улам президент Эрдоганды куттаган Путин: «Түркиядагы ички саясий абалдын дагы да илгерилеши түрк-орус алакаларынын өнүгүүсүнө оң таасир берет. Анткени сиз менен чогуу чыга турганыбыз чечимдердин көпчүлүгү стратегиялык жактан маанилүү болгондуктан парламенттерибиздин бекитүүсүн талап кылат»,-деди.



Тектеш кабарлар