Эгей деңизинде Анадолу Жылдызы машыгуусу башталды

Машыгууга 16 өлкөдөн келген байкоочулардын 27си чет элдик жана жалпы 60 байкоочу катышууда.

725202
Эгей деңизинде Анадолу Жылдызы машыгуусу башталды

Анадолу Жылдызы  - 2017 орток изилдөө куткаруу машыгуусу Измирде өтүүдө. Машыгууга 16 өлкөдөн келген байкоочулардын 27си чет элдик жана жалпы 60 байкоочу катышууда.

Кургактык, аба, деңиз күчтөрү менен жандармерия жана жээк коопсуздук изилдөө – куткаруу топтору катышкан машыгуу менен түрк куралдуу күчтөрүнүн изилдөө -  куткаруу топторунун мүмкүнчүлүк жана жөндөмдүүлүктөрүнүн сыналышы, орток иш алып барууларда кызматташтык жана координациянын эң жогорку деңгээлге чыгарылышы максат кылынууда.

Транспорт, деңизчилик жана кабарлашуу министрлигинин негизги изилдөө  - куткаруу координация борбору да катышкан машыгуунун биринчи сценарийи бүгүн Эгей деңизинин эл аралык суулар менен аба мейкиндигинде аткарылып, экинчиси болсо эртең Менемен районундагы Думанлы тоосунда өтөт.

 



Тектеш кабарлар