Түрк куралдуу күчтөрүнүн террор менен күрөшү

Террордук уюм ПКК жана уландысына абдан чоң сокку урду.

722749
Түрк куралдуу күчтөрүнүн террор менен күрөшү

Түрк куралдуу күчтөрү акыркы бир жумадагы операцияларында жикчил террордук уюм ПКК жана уландысына абдан чоң сокку урду.

Өлкө тышында жүргүзүлгөн операцияларда 112, өлкө тышында да жүздөн ашуун террорист таасирсиз абалга келтирилди.

Операцияларда көп сандаган курал жана ок – дары колго түшүрүлдү.

109 колдо жасалган граната жардырылып, граната жасоодо колдонулган көп сандаган материал табылды. Операцияларда 69 баш калкалоочу жер, үңкүр жана курал  - жарак сактоочу жер жардырылды.

Жикчил террордук уюмдун финансылык булактары да бутага алынды. Операциялар жана чек арада көрүлгөн чаралардын натыйжасында 635 килограммдык банги зат менен 26 миң 200 пакет тамеки колго түшүрүлдү. Текшерүүлөрдүн натыйжасында мыйзам тышы жолдор менен чек арадан өтүүгө аракет кылган 4 миң 765 киши кармалды.

Операциялар өлкө ичи менен эле чектелип калган жок.

Сирияда Баб райондук борбору, Каббасин жана Бзагах аймактарында жарылуучу жана мина изилдөө иштерин улантып, ПКК жана уландысы террордук элементтердин Афринден чыгышка, Мүнбичтен батышка карай боло турган кол салууларына карата көрүлгөн чаралар күчтөндүрүлдү.

Ирактын түндүгүндөгү Синжар тоосу менен Сириянын түндүгүндөгү Карачокко карата абадан операцияда жүздөн ашуун террорист өлтүрүлдү.



Тектеш кабарлар