Террор менен күрөш

Диярбакырдын Кулп районунун элетинде улантылып жаткан операцияда болсо 2 террорист өлтүрүлдү.

719127
Террор менен күрөш

Жикчил террордук уюм ПККга карата операцияларда Шырнакта акыркы 5 күндө 40 террорист өлтүрүлдү. Көптөгөн жылдар террористтердин лагери катары колдонулган Бестлер  -  Дерелер аймагына кургактыктан жана абадан операциялар улантылууда. Аймакта террористтерге таандык көп сандаган курал жана турмуштук материалдар да колго түшүрүлдү.

Диярбакырдын Кулп районунун элетинде улантылып жаткан операцияда болсо 2 террорист өлтүрүлдү.

Хаккари, Битлис, Элазыг жана Мардинде аянттарды изилдөө учурунда аныкталган баш калкалоочу жерлерде көп сандаган ок – дары жана турмуштук материал колго түшүрүлдү.

Түрк куралдуу күчтөрү Ирактын түндүгүндө Зап жана Гара аймактарына да абадан операция жүргүзүлдү. Операцияда кыймыл үчүн даярданып жаткан террристтер тарабынан колдонулган 2 үңкүр, 2 баш калкалоочу жер жана 4 куралдуу буктурма жардырылды.

Башкы штабдын төрагасы армиянын генералы Хулуси Акар террор менен күрөштө бардык нерсенин абдан жакыш бара жаткандыгын айтты.  

Хулуси Акар Түркия Улуттук Парламентинин төрагасы Исмаил Кахрамандын Түркия Улуттук Парламентинин 97 -  ачылуу аземи 23 -  Апрель Улуттук эгемендик жана Балдар майрамынан улам берген рецепсияда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн улантылып жаткан террор менен күрөшүү операцияларына байланыштуу суроого армиянын генералы Акар : «Каармандык улантылууда. Бардык нерсе  жакшы баратат»,- деп жооп берди.  

Армиянын генералы Акар акыркы террорист жок болгонго чейин террор менен күрөштүн улантыларын баса белгилеп : «Бул  күрөштү берип жатып, күнөөсүз кишилердин зыян тартпашы үчүн коопсуздук күчтөрү колунан келген аракетти көрсөтүүдө»,- деди.



Тектеш кабарлар