Демократия күчүн элден алат, бул да улуттук эрк болуп саналат

Президент Режеп Таййип Эрдоган, элдик добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана АКШнын президенти Дональд Трамп менен болгон телефондогу сүйлөшүүсүн CNN International каналында талкуулады.

715999
Демократия күчүн элден алат, бул да улуттук эрк болуп саналат

Президент Режеп Таййип Эрдоган, демократиянын күчүн элден алганын, мунун да улуттук эрк болуп саналаарын айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, элдик добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана АКШнын президенти Дональд  Трамп менен болгон телефондогу сүйлөшүүсүн CNN International каналында талкуулады.

Элдик добуш берүү тууралуу маалымат берген Эрдоган, «диктатор» деген күнөөлөлөргө, «Бул система Таййип Эрдоганга таандык система эмес»,-деп жооп берди.

Президент Эрдоган: «1-0 же болбосо 5-0 жеңгениңдин кажети жок, эң маанилүүсү оюндан утуш менен чыгуу. 14-15 жылдан бери диктатор деген сөздөрдү айтышууда. Диктаторлукта президенттик система болот деген нерсе жок. Бул жерде үкөк бар, демократия күчүн элден алат. Бул да улуттук эрк болуп саналат. Жаңы система Түркиянын демократиялык тарыхында чоң бурулушту өкүлдүк кылууда»,-деп айтты.

Жаңы өкмөт системасына токтолгон Эрдоган: «Мен убактылуумун, заматта өлүп калышым мүмкүн. Дароо өлүм менен тизгинделип турган бир киши үчүн ушундай система даярдала алабы?»,-деп түшүндүрдү.

Режеп Таййип Эрдоган, АКШнын президенти Трамптын референдумдун жыйынтыгы үчүн өзүн куттуктаганын белгилеп, сүйлөшүүдөн оң белгилерди алганын айтты.

Трамп менен бетме-бет жолугушууну да ойлонгондорун белгилеген Эрдоган, шериктеш эки өлкө катары бир топ маселени чече ала турганын маалымдады.

Президент Эрдоган, АКШга жасай турган сапарында 15-июлда мыкаачылык төңкөрүш аракетин кылган  Фетуллахчы террор уюму/Параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) корбашчысынын кайтарылышы темасын да сүйлөшө тургандарын баса белгилеп: «ФЕТӨнүн корбашчысынын кайтарылышы туурасында үмүтүм бар жана бул үмүтүмдү сактагым келет»,-деп айтты.

Президент Эрдоган Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштарына да токтоло кетти.

«54 жылдан бери бизди каалгада күттүрүп турушат», деген Эрдоган, ЕБнин баш калкалоочулар кризисинде жана террор менен күрөшүүдө чечүүчү ролду ойногон Түркияга бериле турган визасыз режим жана баш калкалоочуларга материалдык жардам убадасын орундатуулары керектигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар