Тунжелиде бир полиция тик учары менен байланыш үзүлдү
Аймакта изилдөө - куткаруу иштери улантылууда.
715442
![Тунжелиде бир полиция тик учары менен байланыш үзүлдү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/c4b0/8f53/0181/58f5fc99ca292.jpg?time=1718861280)
Губернаторлуктан берилген маалыматта Түркия убактысы менен саат 11:40 чамаларында Пүлүмүр районунан учкан "Sikorsky" полициялык тик учар учушунан 10 минутадан кийин сигналдын үзүлгөндүгү белгиленди. Маалыматта тик учардын ыңгайсыз аба шарттарынан улам кырсыкка учурагандыгы белгиленип, бул маалыматтар билдирилди : «Сөзү болгон тик учарда 7 полиция кызматкери, 1 сот, 1 офицер менен 3 экипажжы бар. Аймакка көп сандаган изилдөө - куткаруу топтору жиберилди».