Бүгүн Улуттук Коопсуздук Кеңешинин жыйыны өткөрүлөт

Министрлер кеңешинин жыйынынан мурда да Улуттук Коопсуздук Кеңеши жыйналат.

714559
Бүгүн Улуттук Коопсуздук Кеңешинин жыйыны өткөрүлөт

Референдумдан кийин биринчи министрлер кеңешинин жыйыны бүгүн кечинде Бештепедеги президенттик комплексте өткөрүлөт.

Министрлер кеңешинин жыйынынан мурда да Улуттук Коопсуздук Кеңеши жыйналат. Саат 19:30да президент Р. Т. Эрдогандын жетекчилигинде баштала турган Улуттук Коопсуздук Кеңеш жыйынынын күн тартибинде өзгөчө абалдын узартылышы каралат.

Экинчи жолу үч ай дагы узартылган өзгөчө абалдын мөөнөтү 19 -  апрелде толот. Улуттук Коопсузду Кеңешинен кийин да президент Р. Т. Эрдогандын жетекчилигинде саат 20:30да министрлер кеңеши чогулат.

Президент жана өкмөт мүчөлөрү жыйында Улуттук Коопсуздук Кеңешинен чыккан сунуш чечимдери менен референдумдун жыйынтыктарын карап чыгат. Жыйынтыктар аймак жана облустардын негизинде кенен түрдө каралат. Системаны өзгөртүү менен бирге Түркия Улуттук Парламентине бара турган шайкештик мыйзамдарынын да каралышы күтүлгөн башка бир тема болот.

 



Тектеш кабарлар