Бинали Йылдырымдын элге кайрылуусу

Йылдырым жыйынтыктардын белгилүү болушунан кийин Адилеттик жана өнүгүү партиясынын алдында чогулган калың элге кайрылды.

714394
Бинали Йылдырымдын элге  кайрылуусу

Премьер-министр Бинали Йылдырым, расмий эмес жыйынтыктар элдик добуш берүүдөн «макул» деген добуш чыкканын көрсөтүп турганын айтты.

Йылдырым жыйынтыктардын белгилүү болушунан кийин Адилеттик жана өнүгүү партиясынын алдында чогулган калың элге кайрылды.

Сөздөрүн «Билбеген уксун, билип алсын; тууганбыз, бир денебиз, бир улутпуз»,-деп баштаган Йылдырым, катышуунун жогору болгону үчүн атуулдарды куттуктады.

Элдик добуш берүүнүн тынч өткөнүнө ыраазы болгонун белгилеген Йылдырым, Түркиянын жолунда эми жаңы барак ачылганын белгилеп: «Бул баракты элибиздин тынчтыгы үчүн колдонобуз»,-деп айтты.

Бинали Йылдырым, президент Режеп Таййип Эрдоганга ырахмат айткан сөзүндө, бул демократиялык тандоонун ортого чыгышыныда эмгеги өткөн ар кимге ыраазычылыгын билдиргенин маалымдады.

Бардык атуулдардын акысы, укугу корголо турганын баса белгилеген өкмөт башчы Бинали Йылдырым, «Демократия жана укук мамлекети эми дагы бекем»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар