Аясофия аянтында "Say Stop" митинги өткөрүлдү

Аясофия мечитинде шам намазын окуган жаштар андан кийин  аянтта чогулушту.

2148858
Аясофия аянтында   "Say Stop" митинги өткөрүлдү
ayasofya meydani israil'e tepki.jpg

Израилдин Рефах жана Газадагы кол салууларына каршылык көрсөтүү үчүн Стамбулдагы Аясофия аянтында "Say Stop" митинги өткөрүлдү.

Аясофия мечитинде шам намазын окуган жаштар андан кийин  аянтта чогулушту.

Топ «Мусулман зулумчулукка моюн сунбайт», «Үнсүз калба, кыргынга орток болбо», «Эй дүйнө дагы канча бала өлүшү керек», «Палестина албетте эркин болот», «Бардык жер Палестина бардык жер Газа», «Израиль согуштук кылмышкер»» деп жазылган плакаттар менен жүрүштү.

Израилге каршы ураандар менен жүргөн жаштарга айланадагы жарандар менен айрым туристтер да англис жана арап тилинде ураандар менен колдоо көрсөтүштү.

Митингдин негизинде  аянтка курулган чатырга Израиль армиясынын Рефахтагы кол салууларында каза болгон палестиналыктарды чагылдырган визуалдык сүрөттөр аянтта тигилген чатырга илинип, жагылган оттун тегерегине отуруп аймактагы оор жашоо шарттары чагылдырылды.

Сүйлөшүүлөрдө Израиль тарабынан жасалган согуштук кылмыштар бир гана Палестинага же ислам дүйнөсүнө тиешелүү эмес, бүткүл дүйнөдөгү абийирдүү адамдардын маселеси экени баса белгиленди.



Тектеш кабарлар