Президент Р. Т. Эрдоган референдумдун жыйынтыгы менен куттуктады

Добуш берүүнүн так болбогон жыйынтыктарына караганда "кабыл" добуштары жалпы Түркияда 51, 3 пайыз менен алдыда.

713911
Президент Р. Т. Эрдоган референдумдун жыйынтыгы менен куттуктады

Президент Р. Т. Эрдоган 25 миллионго жакын «кабыл» добуш чыккан референдумда эл көрсөткөн колдоону баалады.

Эрдоган референдумда добуштар саналгандан кийин Стамбулда сөз сүйлөдү. Элдин келечегине ээ чыккандыгын белгилеген Эрдоган  мунун Түркиянын бардык кыйынчылык жана кризисти аша ала турган күчтө  экендигин көрсөткөндүгүн айтты.

16 -  апрелдин Түркиянын башкаруу системасы тууралуу тарыхый чечим чыгарган күн болгондугун баса белгилеген президент конституциянын 18 беренесине киргизиле турган түзөтүүлөр менен өзгөрүүнүн боло тургандыгын айтты.

Президент Р. Т. Эрдоган бул сөзүнөн мурда жарыялаган жазуу түрүндөгү маалыматында референдумдун жыйынтыгынын элге жана өлкөгө пайдалуу болушун каалады.Эрдоган Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын лидери жана премьер  -  министр Бинали Йылдырым, Улуттук кыймыл партиясынын лидери Девлет Бахчели менен Улуу Биримдик партиясынын лидери Мустафа Дестижиге телефон чалып куттуктады.

Республика тарыхында биринчи жолу толугу менен жарандык саясат менен башкаруу системасынын өзгөргөндүгүн баса белгилеген Эрдоган : «Союздаштарыбыз башта болуу менен башка өлкөлөрдүн өлкөбүз менен карым  - катнаштарын, террор менен күрөшүү башта болуу менен жоопкерчиликтерибизге ылайык оңдоолорун күтүп жатабыз»,- деди.

Референдумдун так болбогон жыйынтыктарына караганда  «кабыл» добуштар жалпы Түркияда 51, 3 пайыз менен алдыда баратат.

 

 

 



Тектеш кабарлар