Премьер - министр Бинали Йылдырым элге ыраазычылык билдирди

Бинали Йылдырым Түркиянын алдында эми жаңы беттин ачылгандыгын белгилеп : «Бул бет калкыбыздын тынчтыгы үчүн  пайдаланылат,- деди.

714013
Премьер - министр Бинали Йылдырым элге ыраазычылык билдирди

Премьер  - министр Бинали Йылдырым референдумдун расмий болбогон жыйынтыктарынан «кабыл» добуш чыккандыгын айтты.

Йылдырым жыйынтыктардын белгилүү болушунан кийин лидери болгон Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын алдында чогулган калың элге кайрылды. «Билбегендер угуп, билсин : бир тууганбыз, бир элбиз»,- деп сөзүн баштаган Бинали Йылдырым референдумга катышуунун жогору болушунан улам жарандарга рахмат айтты.

Референдумдун тынчтык ичинде өтүшүнөн ыраазы болгондугун белгилеген Йылдырым Түркиянын алдында эми жаңы беттин ачылгандыгын белгилеп : «Бул бет калкыбыздын тынчтыгы үчүн  пайдаланылат,- деди.

Бинали Йылдырым президент Р. Т. Эрдоганга рахмат айтуу сөзүндө бул демократиялык жолдун ортого чыгышында  салымы болгон баарына ыраазычылык билдиргендигин белгиледи. Жарандардын баарынын укугунун коргоого алынарын баса белгилеген премьер – министр Бинали Йылдырым : «Демократия жана укуктук мамлекет мындан ары бекемделет»,- деди.



Тектеш кабарлар