Түрк куралдуу күчтөрү Ирактын түндүгүнө абадан операция жүргүздү

Зап аймагына жасалган аба  кыймылында 5 турак жай, 2 баш калкалоочу жер менен курал  буктурмалары жардырылды

712404
Түрк куралдуу күчтөрү Ирактын түндүгүнө абадан операция жүргүздү

Аба күчтөрү командирлигине караштуу аскердик учактар тарабынан Ирактын түндүгүндөгү Зап аймагына жасалган аба  кыймылында 5 турак жай, 2 баш калкалоочу жер менен курал  буктурмалары жардырылды.

Башкы штабдын төрагалыгынан берилген маалыматка караганда кечээ кечки сааттарда Ирактын түндүгүндөгү Зап база аймагына кол салуу үчүн даярдангандыктары аныкталган террордук уюмга карата абадан операция жүргүзүлдү.

Аскердик учактар тарабынан жүргүзүлгөн операция менен террордук уюмга таандык 5 турак жай, 2 баш калкалоочу жер менен курал буктурмалары жардырылды. Операциядан кийин реактивдер базаларына кайтып келишти.

 



Тектеш кабарлар