Улуу улуттардын сыноолору да татаал болот, олуттуу чечимдер чоң беделдерди төлөөнү талап кылат

Эрдоган Стамбулдагы «Синан Эрдем» атындагы спорт залында Улуттук эрк платформасы тарабынан уюштурулган «15-июль шейит жакындары жана ардагерлер» программасында сөз сүйлөдү.

711754
Улуу улуттардын сыноолору да татаал болот, олуттуу чечимдер чоң беделдерди төлөөнү талап кылат

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын террор темасындагы чыныгы күрөштү көшөгөнүн артындагы күчтөр менен жүргүзүп жатканын айтты.

Эрдоган Стамбулдагы «Синан Эрдем» атындагы спорт залында Улуттук эрк платформасы тарабынан уюштурулган «15-июль шейит жакындары жана ардагерлер» программасында сөз сүйлөдү.

Эрдоган, улуу улуттардын сыноолорунун да татаал болгонун, олуттуу чечимдердин чоң беделдерди төлөөнү талап кылганын айтты.

Эрдоган айрым күчтөрдүн Түркиянын дүйнөгө ачылуусун кызгангандарын белгилеп кетти.

Фетуллахчы террор уюму/Параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракети убагында улуттун теңдеши жок баатырдыкты көрсөткөнүн айткан Эрдоган, бул улуттун террор уюмдарынын аркасындагыларга 16-апрелде боло турган конституциялык өзгөртүү боюнча элдик добуш берүүдө да чоң сабак бере турганын айтты.

Эрдоган айрым Европа өлкөлөрүнүн террор уюмдары менен биригип алып элдик добуш берүүгө каршы ачык түрдө бир жакка тарап болгондорун жана конституциялык өзгөртүүнүн элден добуш албашы үчүн тыкыс аракет кылгандарын айтты.

Террордук уюмдар менен чечиндүү түрдө күрөшүүнү уланткандарын баса белгилеген Эрдоган: «Чындыгында чыныгы күрөштү көшөгөнүн аркасындагы күчтөр менен жүргүзүүдөбүз. Германияда, Бельгияда, Нидерландияда, Швецияда, Швейцарияда бул күчтөр менен күрөшүүдөбүз. Эгерде биздин тышкы иштер министрибиздин учагынын конуусуна уруксат берилбей жатса, үй-бүлө жана социалдык саясаттар министрибиз унаасынан чыгарылбай камалып жатса, аял укуктарынан сөз кылган бул тарбиясыздар, бир аялга ушундай мамиле кылып жатышса, булардын цивилизациядан алган насиби жок. Булар «цивилизация дегениң бир тиши калган жаныбар» сыяктуу. Буларда маданияттуулук деген нерсе жок»,-деп айтты.

Президент Эрдоган, жикчил террор уюмунун 1984-жылдан бери мыкаачылык менен кырып келген адамдардын көпчүлүгү «күрттөрдөн» турганын белгилеп: «Бул жекшемби, бир эле учурда менин күрт туугандарымдын да сыноосу, сынагы болот. Эми эч ким «бизди коркутуп жатышат, коркутууда» дей албайт. Түрк куралдуу күчтөрү, полициябыз, коопсуздук сакчыларыбыз Түштүк Чыгышта, Чыгышта булар коркутуп жатышкан жерлерде, алардын кежигесинде турат. 20 айда 10500 террорист жок кылынды»,-деди.



Тектеш кабарлар