Түркиянын желеги жана Эрдоган (видео)

Президент Режеп Таййип Эрдоган социалдык медиа эсебинен конституциялык өзгөртүү тууралуу видео бөлүштү.

711497
Түркиянын желеги жана Эрдоган (видео)

Президент Режеп Таййип Эрдоган социалдык медиа эсебинен конституциялык өзгөртүү тууралуу видео бөлүштү.

«15-июль тирилүү, 16-апрель жогорулоо» аттуу видеодо президент Эрдоган, Боштондук гимнинин автору Мехмет Акиф Эрсойдун «Биримдик» аттуу ырын да окуду.

Эрдоган твиттер эсебинен бөлүшкөн видеодо 16-апрель конституциялык өзгөртүү элдик добуш берүүнү жогорулоо катары мүнөздөдү.

Видео Түркиянын желегинин түсү болгон кызыл чүпөрөктөрдүн бир унаага жүктөлүшү менен башталат. Андан кийин чүпөрөктөр колдон колго өтүп, бычылып,тигилип жана кол панарлары да даярдалат. Кутуларга салынган  панарларды жана чүпөрөктөрдү ар ким бир жерге жеткирүү үчүн далбас урууда. Анын артынан салават үндөрү угула баштайт жана президент Эрдогандын үнү угулат.

Президент, Мехмет Акиф Эрсойдун «Биримдик» аттуу ырын окуйт. Эл чогулуп көбөйө баштайт. Жана колдорундагы панарларды чүпөрөктүн жанына кармаганда Түркиянын желегиндей форманы алган калың топ желекти көк асманга  чагылдырат.



Тектеш кабарлар