ЕБне түрк жарандарынын визасыз кирүүсүн камсыздашыбыз керек

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу: "Түрктөргө ЕБне визасыз режим үчүн сунушубузду 16-апрелден кийин кылабыз",-деди.

711992
ЕБне түрк жарандарынын визасыз кирүүсүн камсыздашыбыз керек

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, конституциялык өзгөртүү үчүн элдик добуш өткөрүлө турган 16-апрледен кийин Европа Биримдигине бир канча сунуштарды сунуштай тургандарын маалымдады.

Бул сунуштардын түрк жарандарына ЕБне визасыз режим жана «Качкындарды кайтарып алуу» келишими тууралуу боло турганын жарыялаган Мевлүт Чавушоглу: "Андан кийинки процессти кандай уланта турганыбызды талкуулап, чыгарган чечимбизди бөлүшөбүз. ЕБ менен виза маселесин чечкибиз келет. Бул визасыз режимди да киргизишибиз керек. Эң акыркы жолу кол койгон «Артка кайтарып алуу» келишиминин бир бөлүгү болуп эсептелет»,-деди.

Чавушоглу, январь айындагы жарыясында визасыз режим темасында ЕБне акыркы бир сунушту бере тургандарын айткан.

«Визасыз режим темасында биз акыркы сунушубузду даярдадык, үстүндө кылдат иштедик, алдыбыздагы күндөрдө ЕБне өткөрүп беребиз»,-деп айткан Чавушоглу, ЕБнен эми бул иштин так календарга байлануусун талап кыла тургандарын баса белгилеген.

Тышкы иштер министри бүгүнкү жарыясында Кипр маселеси тууралуу сөз сүйлөдү.

Чавушоглу маселени чечиш үчүн ак ниеттүү аракет кылгандарын, бирок өзгөчө шайлоо атмосферасында Рум тарабынан ак ниеттүү аракетти көрбөгөндөрүн айтты.

Рум тарабынын өзгөчө Кипрдын айланасындагы жаратылыш газ жана мунай зат резервдери темасында бир жактуу таштаган кадамдарынын туура эместигин айткан Чавушоглу, "Бул темадагы эскертүүлөрүбүзгө карабастан тилекке каршы артка кадам болбогону үчүн эми Түркия катары да кадамдарды таштайбыз»,-деди.

Тышкы иштер министри айрыкча алдыдагы аптада вице-премьер Мехмет Шимшек баштаган делегациянын Орусиянын борбор шаары Москвага бара турганан маалымдады.



Тектеш кабарлар