Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу телефон аркылуу дипломатия жүргүзүүнү улантууда

Сириядагы акыркы абал Анкаранын негизги күн тартип беренелеринен

709888
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу телефон аркылуу дипломатия жүргүзүүнү улантууда

 

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу телефон аркылуу дипломатиясын улантууда.

Мевлют Чавушоглу АКШ, Орусия жана ирандык кесиптештери менен телефондо Сирия тууралуу сүйлөштү.

Сирияда маселелер көп тараптуу.

Өлкөдө бир тараптан террордук уюм ДЕАШ менен күрөшүү улантылып, бир тараптан жарандар Асад режиминин химиялык куралдар менен кол салуусу башта болуу менен бомбалоолоруна бута болууда. Асаддын акыркы Хан Шейхундагы химиялык кол салуусунан кийин АКШ деңиз флотунун Шайрат аба базасына жасаган ракеталык кол салуусу АКШ менен Орусияны бетме  - бет алып келди.

Сириядагы акыркы абалдар улуттук коргоо министри Фикри Ышыктын да күн тартибинде. Фикри Ышык 13 -  апрель бейшемби күнү АКШлык кесиптеши Жеймс Маттис менен Вашингтондо жолугушат. Жолугушууда Ракканын ДЕАШтан тазаланышы алдыңкылык берилген тема болот.

 

 



Тектеш кабарлар