Түрк аба жолдорунан Сомалиге жардам

Түрк аба жолдору 60 тонна бөбөк буламыгын Могадишого жеткирди

707256
Түрк аба жолдорунан Сомалиге жардам

Ачкачылык жана кургакчылык менен күрөшүп жаткан Африка өлкөсү Сомалиге Түркия жардам берди.  Дүйнөлүк масштабда  башталган жардам кампаниясынын алкагында аракетке өткөн түрк аба жолдору 60 тонна бөбөк буламыгын Могадишого жеткирди.

Сомалиде  кургакчылыктан улам ачкачылык күн өткөн сайын күч алууда. Миллиондогон киши өлүмдүн босогосунда.

Акыркы 30 жылдын эң чоң жокчулук коркунучуна каршы эл аралык коом кыймылга өттү. Түркия аймакка бериле турган жардамдарга жол башчылык кылууда. Твиттер жана YouTubeда  2 миллионго жакын киши  изилдеген Жероме Жарре жана 5 досу да «Түрк аба жолдору Сомалиге жардам кыл» жана «Сомали үчүн сүйүү армиясы» аттуу кампанияларды баштатты. Кампанияга Түркиядан да жооп кечиккен жок.

Расмий эсебинен «Сүйүү жана жардам үчүн чыгыла турган жол үчүн чакырууну алдык» деген түрк аба жолдору 60 тонна бөбөк буламыгын Сомалинин борбор шаары Могадишого алып барды. Кампаниянын 15 -  күнүндө жардам берилген өлкө саны 125ке, жардам бергендердин саны 80 миңге жетти. Жардам үчүн түзүлгөн фонддо чогулган акчанын суммасы  2 жарым миллион долларга жетти.



Тектеш кабарлар