Референдумдан кийин ЕБ менен сүйлөшүүбүз керек

Өкмөт башчы Йылдырым, ТРТнын экрандарында Эрхан Челиктин суроолорруна жооп берди.

705237
Референдумдан кийин ЕБ менен сүйлөшүүбүз керек

Премьер-министр Бинали Йылдырым 16-апрелде боло турган президенттик өкмөт системасын камтыган конституциялык өзгөртүү референдумунда макул добушу чыккан учурунда процесс кандай боло турганы туурасында учкай маалымат берди.

Йылдырым конституциялык өзгөртүүнүн элдик добуш берүүдө кабыл алынган учурунда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлбөй турганын дагы бир жолу баса белгиледи.

Өкмөт башчы Йылдырым, ТРТнын экрандарында Эрхан Челиктин суроолорруна жооп берди.

16-апрелде боло турган конституциялык өзгөртүү референдумуна токтолгон Йылдырым, өзгөртүүнүн мазмунун графиктер менен дагы бир жолу түшүндүрдү.

Түркия менен Европа Биримдигинин ортосундагы карым-катнаштарга токтолгон Йылдырым, элдик добуш берүүдөн кийин ЕБ менен олтуруп сүйлөшө тургандарын айтты.

Йылдырым: «ЕБ менен карым-катнаштарды сүйлөшүүбүз керек. ЕБ өз көз карашын карап чыгышы зарыл. Ушунча болуп өткөндөрдөн кийин (Түркияны жамандоо акциясы, түрк саясатчылардын Европа өлкөлөрүндө жашаган түрк жарандары менен жолугушуусуна жикчил түрдө бөгөт коюлушу, Европанын террористтерге кучак жайышы, элдик добуш берүүдө «каршы» акциясына ачык түрдө колдоо көрсөтүүсү сыяктуу) эч нерсе болбогонсуп мамиле кыла албайбыз»,-деп айтты.

Фетуллахчы террор уюму/Параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин жаңы төңкөрүш айтымдары да өкмөт башчыдан суралды.

Медиада чыккан кабарлардын бир максат менен чыкканын баса белгилеген Йылдырым: «Ушак жайып жатышат, улутубуз тынч болсун, биз нөөмөттөбүз»,-деп айтты.

Керкүктө болгон желек кризиси да Йылдырымдын күн тартибинде эле.

Йылдырым Ирактын Керкүк шаарында расмий мекемелерге Ирактын Күрт аймактык башкаруусунун желегинин илинишинин кабыл алынгыс экенин жана болоору болду деген нерселер менен Керкүктүн статусунун алмаштырылбай турганын айтты.



Тектеш кабарлар