Түрк куралдуу күчтөрүнүн операциясы
Ирактын түндүгү менен Хаккаринин элетине абадан операция жүргүзүлдү
704550
Түрк куралдуу күчтөрү Ирактын түндүгү менен Хаккаринин элетине абадан операция жүргүздү. Башкы штабдын төрагалыгынан берилген маалыматта Авашин - Басян аймагы менен Хаккари элетинен келген чалгындоо маалыматы боюнча операция жүргүзүлгөндүгү белгиленди.
Түрк аскердик учактары бул аймактардагы террордук уюмдарга таандык буталарды атты. Операцияларда курал буктурмалары, баш калкалоочу жерлер жардырылды.