Түрк куралдуу күчтөрү Ирактын түндүгүнө операция жүргүздү

Ирактын түндүгүндө Авашин/Басян жана Хакурк аймактарында террористтер тарабынан колдонулганы белгиленген курал сактоочу жайы жана баш калкалоочу жайлары атылды.

702632
Түрк куралдуу күчтөрү Ирактын түндүгүнө операция жүргүздү

Түрк куралдуу күчтөрү Ирактын түндүгүндө Авашин/Басян жана Хакурк аймактарында террористтер тарабынан колдонулганы белгиленген курал сактоочу жайы жана баш калкалоочу жайларынын жок кылынганын маалымдады.

Башкы штаб төрагалыгынын интернет барагында кечээ болгон өлкө ичиндеги маанилүү окуялар жана бир күндүк жасалган иштер тууралуу маалыматтарга орун берилди.

Буга караганда Ирактын түндүгүндө да Авашин/Басян жана Хакурк аймактарында террористтер тарабынан колдонулганы белгиленген курал сактоочу жайы жана баш калкалоочу жайларына жүргүзүлгөн абадан чабуулда ал жерлер талкаланып, 3 террорист жок кылынды.

Башка бир операциясында болсо Хаккаринин Йүксекова жана Чукуржа райондорунун элет жерлеринде жикчил террор уюму тарабынан колдонулганы белиленген курал сактоочу жайлары жана  баш калкалоочу жайлары атылып, талкаланды.

Бир тараптан Сириядагы жалган ПЙД/ПКК көзөмөлүндөгү аймактардан качкан жикчил террор уюмуна мүчө эки террорист да Мардин жана Шырнактагы чек ара бөлүктөрүнө багынып берди.



Тектеш кабарлар