Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Швейцарияда

Чавушоглу : «Түркия эми көз карандысыз өлкө, алардын маселеси бул. Европалыктар муну кабыл ала албай жатышат. Бирок кабыл алышат, башка жолу жок»

698576
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Швейцарияда

Тышкы тштер министри Мевлют Чавушоглу расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Швейцариянын борбор шаары Бернде  Европа мамлекеттеринин мамилесин сынга алды. Чавушоглу : «Түркия эми көз карандысыз өлкө, алардын маселеси бул. Европалыктар муну кабыл ала албай жатышат. Бирок кабыл алышат, башка жолу жок»,- деди.

АКШда террордук уюм ДЕАШ менен күрөшүү боюнча жыйынга катышкан тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун кийинки аялдамасы Швейцария болду. Кечээ эрте менен борбор шаар Бернге барган Чавушоглу биринчи болуп Швейцариянын тышкы иштер министри Дидье Беркхолтер менен жолугушту. Швейцариялык кесиптеши  менен 1 саат 15 минуталык жолугушууда эки тараптуу карым – катнаштарды, аймактык маселелер жана Сирия маселесин карап чыгышкандарын айткан Чавушоглу айрыкча Европадагы  абалдарды жана Түркия – Европа карым – катнаштарына баа берүү мүмкүнчүлүгүн табышкандарын айтты.

Тышкы иштер министри кечки сааттарда түрк жарандык коомдун өкүлдөрү менен да жолугушту. Элчилик турак жайында өткөн жолугушууда Чавушоглу Европада акыркы мезгилде түрк саясатчыларга карата болуп жаткан тоскоолдуктарга да токтолуп : «Швейцариянын Цюрих шаарында да кээ кээде маселелер чыгууда. Бирок биз Швейцариянын тышкы иштер министри Дидье Беркхолтер менен телефон аркылуу сүйлөштүк жана ылайыктуу бир убакта  сүйлөшүү өткөрөлү дедик. Ушундайча эки тарап тең  маселени чоңойтпостон  чечтик. Биз Нидерландия менен да ушундай кылууну каалар элек»,- деди. Министр  Чавушоглу нидерландиялык саясатчылардын түрк министрлеринин жыйындарын токтоткондугун да сынга алып : «Фашизм дегенде кыжырданышат. Фашист башкаруучулар да мындай нерсе кылышкан жок»,- деп баа берди.



Тектеш кабарлар