Орусиянын Түркиядагы элчи милдетин аткаруучусу катуу эскертилди

Тышкы иштер министрлигинин катчысы, элчи Хүсейин Мүфтүоглу жумалык маалымат жыйынында чек арада болгон кол салуудан кийин дароо кечээ күнү Орусиянын элчи милдетин аткаруучусунун Министрликке чакыртылганын жарыялаган.

698214
Орусиянын Түркиядагы элчи милдетин аткаруучусу катуу эскертилди

Түркия, Анкарадагы Орусиянын элчи милдетин аткаруучусуна социалдык медиада орун алган жана орус аскерлеринин Сириядагы ПЙД/ПККлык террористтер менен чогуу түшкөн фотосүрөттөрүнүн кабыл алынгыс экендигин билдирди.

Тышкы иштер министрлиги Сирияда террор уюму ПЙД/ПКК басып алуусундагы аймактарда болуп жаткан абалдардын себебинен акыркы эки күндүн ичинде Орусиянын Анкарадагы элчи милдетин аткаруучусу Сергей Пановго эки маалыматты берди.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы, элчи Хүсейин Мүфтүоглу жумалык маалымат жыйынында чек арада болгон кол салуудан кийин дароо кечээ күнү Орусиянын элчи милдетин аткаруучусунун Министрликке чакыртылганын жарыялаган.

Мүфтүоглу: «Ага эң оболу бул окуядан тынчсызданганыбыз билдирилди. Буга каршы экенибизди. Мындан кийин ушундай окуя болбоосу үчүн эмне керек болсо жасалышы керектигин, эгер болуп калса буга (террор уюмуна) эсеси менен жооп бериле турганы билдирилди»,-деп айткан.

Маалымат булактарына караганда Мүфтүоглу маалымат берип жаткан убакта министрликтин адистери, Орусиянын элчи милдетин аткаруучусу Панов менен байланышып социалдык медиага чагылышкан фотосүрөттөрдө орус аскерлеринин Халебде Нооруз майрамдоолоруна катышып, колдоруна жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГ жана ЙПЖнын желекчелерин көтөрүп сүрөткө түшкөндөрүнө, ал эмес аймактагы Орусиянын армиясынын командири экендиги белгиленген генерал-майордун майрамдоолор убагында колуна ЙПГнын эмблемасын тагып алганына карай Түркиянын каршылык көрсөтүүсү айтылды.

Орусиянын элчи милдетин аткаруучусуна, «ПЙД/ЙПГ тууралуу мамилебиз Орусия тарабынан да жакшы билинет. Ушул себептен бул көрүнүштөр биздин тынчыбызды алды»,-деп айтылды.

Мүфтүоглу, маалымат-жыйынында Түркиянын Орусиядан Москвадагы ПЙД/ПКК кеңсесинин жабылышын талап кылганын кайталады.

Улуттук коргоо министри Фикри Ышык да, Сириядагы орус аскерлеринин ЙПГнын эмблемасын такканы тууралуу, «ЙПГ менен АКШ жана Орусия Федерациясынын кызматташтык кылуусун Түркия катары эч кандай түрдө туура көрүп кабыл албайбыз»,-деди.

Түркиянын аймактан бир террор уюмунун кубаланышы үчүн башка бир террор уюмунун колдонулушун кабыл албаганын, мунун аймактагы маселелерди дагы да күчөтө турганын, ичинен чыккыс абалга айландыра турганын Орусия тарапка дагы Америка тарапка дагы айткандарын белгилеген Ышык: «Муну айтуубузду да улантабыз. Акыл-эстүүлүк басымдуулук кылып, террор уюму ПЙД менен кызматташуусунан баш тартышат деп үмүт кылабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар