Европа Биримдиги Түркияны көрө албай жатат

Эрдоган Денизлиде уюштурулган тобу менен ачылыш аземине катышып жарандарга кайрылды.

698802
Европа Биримдиги Түркияны көрө албай жатат

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркияны 54 жылдан бери каалгасында күттүргөн Европа Биримдигинин эки жүздүү мамиле кылып жатканын айтты.

Эрдоган Денизлиде уюштурулган тобу менен ачылыш аземине катышып жарандарга кайрылды.

ЕБ өлкөлөрүнүн Түркияны мүчө кылыш үчүн алдыга койгон чындыктарынын чындыкты чагылдырбаганын баса белгилеген Эрдоган: «Европа Биримдиги Түркияны көрө албай жатат»,-деди.

Эрдоган: «Эч бир өлкө ушундай каалгада күттүрүлгөн жок, бирок Түркия күттүрүлүүдө. Эмне үчүн? ЕБнин ичинде (калкынын көпчүлүгү) мусулман өлкө жок. Түркияны көрө албай жатышат. Бизге себеп катары эмнени көрсөтүшүүдө билесиздерби? Сиздин калкыңыздын саны көп деп жатышат. Абдан чоңсуз. Башка калкы көп болгондор да бар»,-деп айтты.

Германиянын калкынын саны да Түркиядай болгонун баса белгилеген Эрдоган, бул шылтоонун ишендирүүчү болбогонун айтты.

Европанын жалгандарын жүзүнө айтканда да ЕБ өлкөлөрүнүн тынчсыздангандарын айткан Эрдоган: «Биз чындыктарды айтканда тынчсызданышууда. Аларды коркутканыбызды айтып жатышат. Мунун эмнеси коркутуу? Биздин кылганыбыз Европа өлкөлөрүн эркиндик, адам укуктары темасындагы жаңылыштыктарынын себебинен келип чыга турган жыйынтыктар темасында эскертүүдөн турат»,-деп айтты.

Эрдоган 16-апрелдеги конституциялык өзгөртүү референдуму процессинде Европанын Түркияга карай тыюу салуучу мамилесин да сынга алды.

«Daily Sabah» гезитинин Европа Парламентинде тыюу салынышына каршылык көрсөткөн Эрдоган: «Кана силерде медиа эркиндиги бар эмес беле? Эмнеге тыюу салдыңыз? Буга жооп бересиздер»,-деди.



Тектеш кабарлар